• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү сот залында заара ушатып койду

26 Үчтүн айы 2024 11:31 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 25-январда Сокулук райондук сотунда зомбулукка кабылган Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнүн иши боюнча соттук отурум уланды.

«Ал өзүнүн жараксыз экенине баары ынансын деп шымына заара ушаткан. Ал сотту манипуляциялап жатат. Же катуу ооруп жатат, же аны мажбурлап дарылоо керек. Бул абдан эски амал, зордукчулар психикалык жактан ооруп калгандай түр көрсөтүшөт. Соттолбой, дарыланууга жиберилет», — деп жазган Аселдин бир тууганы Диана Елькен.

Аселдин апасынын айтымында, шектүү психикалык жактан жабыркаган эмес деген экспертизанын корутундусуна карабай, мажбурлап дарылоого жөнөтүүнү талап кылган.

Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу арыз менен кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 1976