• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Аселдин апасы: Кызым кесилген кулактарын көрүп эсин жоготуп жыгылды

30 Тогуздун айы 2023 10:58 Бишкек Govori.TV

Мурдагы күйөөсүнөн кордук көргөн Аселдин апасы Тинатин Катаганова кызынын учурдагы абалы дагы да болсо жакшы эмес экенин билдирди.

Анын айтымында Асел учурда үйдө, кийинки операциялар болуусу үчүн анын жарааттары кичине болсо да айыгуусу керек.

«Кийинки операцияны кылыш үчүн алгач буга чейинки жарааттар кичине болсо да калыбына келиши керек экен. Дайым жанында болуп, караганга аракет кылуудабыз. Кечээ жуунарда кулагынын азыркы абалын көрүп, ыйлап, эсин жоготуп жыгылды. Психологдордон жардам алып жатат»,-деди апасы.

29-октябрда Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы “Мен — Асел” деп аталган кайрымдуулук иш-чара өтүп жатат . Ага укук коргоочулар, журналисттер, жарандык активисттер жана Асел Ногойбаеванын жакындары катышты. Иш-чарада алгач “Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук: коомдун аны азайтуу аракети” деген темага арналган фильм көрсөтүлүп, андан соң укук коргоо жаатындагы эксперттердин катышуусунда талкуулар өттү.

Мындан тышкары кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да уюштурулган. Андан түшкөн каражат Асел Ногойбаеванын дарылануусуна жумшалат.

Аселди колдоо кампаниясы CAF Келечек жаштар коому менен биргеликте өтүп жатат.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда Селекция аймагында жашаган аял мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган. Буга шектүү катары анын 39 жаштагы жаран кармалып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Келиндин кулак-мурду кесилгени кабарланып, коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Бул окуядан кийин зордук-зомбулук маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, ал эми айрым ЖК депутаттар зөөкүрлүккө жазаны күчөтүү керектигин айтышууда.

Количество просмотров: 1188