Мурдагы жолдошу кулак-мурдун кескилеген Асел Ногойбаева азыр абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, алдыда планда дагы 3 операция бар.
«Планда жок дагы канча операция бар экенин билбейм. Акырындап жүзүм оңолуп, өзүмө келе баштадым, шугур. Бул процесс чынында жеңил өткөн жок, анткени өзүмдүн кесилген кулак, мурунду тилекке каршы сактай алган жокпуз, азыр өзүмөөзүм донор болуп жаткан учурум. Биринчиден элиме алкыш айтам. Кырсык болгон күндөн бери биринчи айым Айгүл Жапаровна мени жана менин үй-бүлөмдү ар дайым колдоп келет. Россиядан дарыгерлер менен сүйлөшүп мени табыштаган Айгул Жапаровна», — деди ал.
Ал ошондой аны дарылап жаткан дарыгерлерге да ыраазычылыгын билдирди.
2023-жылы 20-сентябрда эртең менен Селекция айылындагы үйдө Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун мурдагы күйөөсү Азамат Эсетебесов кескилеген. Эсетебесов 20 жылга эркинен ажыратылган.