• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ашхабадда Гурбангулы Бердымухамедовдун жээни барменге кол көтөрдү

17 Үчтүн айы 2024 10:59 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жээни Шамурад Режепов Ашхабаддагы барлардын биринин кардарларын жана кызматкерин сабап салган. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

Окуя 6-январь күнү «Гүл Земин» соода борборундагы Sky барында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кечки саат тогуздан кийин бардан катуу кыйкырык угулуп, андан кийин коноктордун көбү залдан чуркап чыгып кетишкен. Окуяга күбө болгондордун бири ошол маалда залга эки күзөтчүсү бар «эрдемсинген» жигит киргенин айтты:

– Ал барменге келип, “неге баары кеткен жок?!» деп кыйкырып, аны жаакка чаап жиберген.

Мындан соң Режепов, кош бойлуу аялы менен отурган жигиттин жанына келип, келинди жаакка чапкан. Күйөөсүн да сабап андан соң бардан чыгып кеткен.

Режепов – Гурбангулы Бердымухамедовдун эжесинин баласы.

Гурбангулы Бердымухамедов 2022-жылы мартта бийликти баласы Сердарга өткөрүп берген.

Количество просмотров: 172