• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түркмөнстанда жаңы курулган Аркадаг шаары экс-президенттин туулган күнүндө ачылат

20 Кулжа 2023 16:52 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына Аркадаг деп аталган жаңы шаардын салтанатуу ачылышы анын туулган күнүнө, 29-июнга белгиленди. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шаардын ачылышына карата өлкөнүн бардык аймактарынан топтолгон бюджеттик кызматкерлер менен студенттер бир жумадан бери 40 градустук ысыкта даярдык көрүүдө.

«5-6 саат ысыкта туруп, желекчелер менен булгалып, түрдүү ураандарды кыйкырып жатышат. Аялдар, улгайган адамдар жана балдар ысыкка чыдабай, эс-учун жоготуп койгон учурлар көп катталууда», – деди даярдык иштерине катышып жаткан тургундардын бири.

Медиктердин айтымында, репетиция өтүп жаткан жерлерде тез жардам унаалары нөөмөттө турат. Аларга жарандарга жеринде жардам көрсөтүү буйругу берилип, эч кимди үйүнө кетирбөө тапшырылган.

Маалыматка караганда, иш-чара Ашхабаддагы Эл аралык ахалтекин ат спорту комплексинде башталып, жаңы Аркадаг шаарында уланат. Бул күнү президенттик кортеж өтө турган жолдун бойлорунда жана ал токтой турган жерлерде сөзсүз түрдө адамдар тизилип, желекчелер менен булгалап турат.

«Алардын ар биринин өзүнүн милдети бар. Арасында ырдап, бийлеп, президентке арналган ырларды окуй тургандары бар. Адаттагыдай эле мактоо сөздөрү айтылып, түрмөн элинин атынан ыраазычылык билдиришет. Бул Түркмөнстандын тарыхындагы эң чоң салтанат болот деп күтүлүүдө», – деди «Азаттыктын» түрмөн кызматынын кабарчысы.

Аркадаг шаары өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов туулуп-өскөн айылдан алыс эмес жерге салынды. Кезинде анын курулушуна 5 миллиард доллар коротулары кабарланган.

Аркадаг түркмөн тилинен которгондо «колдоочу» дегенди билдирет. Дал ушундай наамга өлкөнүн мурдагы президенти, парламенттин жогорку палатасынын азыркы төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ээ.

Количество просмотров: 84