• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров: «Махтумкули Фраги өз ырлары аркылуу адамдарды мекенчил, айкөл, эр жүрөк жана ар-намыстуу болууга үндөгөн»

11 Тогуздун айы 202413:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ашхабадда түркмөн акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумда сөз сүйлөдү. Президенттин сөзүн кыскартуу менен беребиз.

«Мен бүгүн сүйлөй турган сөзүмдү кыргыз элинин улуу жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгы жөнүндө айткан төмөнкү сөзү менен баштагым келип турат: “…Акын Махтумкулинин сөздөрүнүн биздин күнгө жеткени – бул түркмөн элинин эрдиги. Махтумкули түркмөндөрдүн жүрөгүндө сакталып келген. Дүйнө кезген бакшы-дервиштердин оозунда, чоң-кичине жолдордо, базарлар менен кербен сарайларда, боз үйлөр менен чабандардын очогунда айтылып келген. Акындын саптары менен жоого аттанып, өлүмгө да тике карашкан. Махтумкулинин ырлары жарык дүйнөгө келген ымыркайды тосуп алып, ал дүйнөдөн кайтканда да боздоп узаткан…”.

Учурдан пайдаланып, боордош түркмөн элине дүйнөлүк деңгээлдеги акын, жазуучулардын катарында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузгандыгына терең ыраазычылыгымды билдирем.

Биздин түркмөн боордошторубуз Махтумкули Фраги – бул карт тарыхтагы жөн гана ысым эмес, ал – эркиндиктин, адамгерчиликтин жана жогорку адеп-ахлактын символу болгондугу менен, ошондой эле улуу акындын орошон ойлору жана чыгармачылыгы мезгилдердин, элдердин жана цивилизациялардын ортосунда көпүрө катары кызмат кылгандыгы менен сыймыктана алышат.

Махтумкули Фраги өз ырлары аркылуу адамдарды ыймандуу, мекенчил, айкөл, эр жүрөк жана ар-намыстуу болууга үндөгөн. Акындын осуяттары бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келет. Анын чыгармалары коомдун өнүгүшүнө зарыл болгон насаат кептерге жана бардык муунду бириктире турган акылмандыкка бай.

Кыргызстан да боордош элдердей эле тарыхый мурасты урматтоого негизделген руханий маданиятты жогору баалайт.

2023-жылы Кыргыз Республикасында Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын сахнасында улуу түркмөн акынынын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган “Махтумкули” спектакли коюлган.

Аталган спектакль ошол эле жылдын ноябрь айында Түркмөнстанда өткөн 4-Эл аралык театр фестивалында да ийгиликтүү көрсөтүлдү.

Өткөн аптада Бишкек шаарында илимий-чыгармачыл интеллигенциянын катышуусунда “Чыгыш поэзиясынын классиги — Махтумкули Фрагиге 300 жыл” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулуп, анда кыргыз тилинде тандалган чыгармалардын «Тандалмалар» китебинин бет ачары өткөрүлгөндүгүн белгилей кетким келет.

Бүгүнкү күндөгүдөй форумдар – биздин эки элдин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө уникалдуу аянтчаны түзөт десем жаңылышпаймын. Алар диалогду бекемдөөгө, келечекте тыгыз кызматташууга өбөлгө болот. Анткени маданият менен руханий дүйнө ынтымактын, тынчтыктын жана эл аралык кызматташуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Азыр биз дүйнө жаңы кыйынчылыктарга туш болгон доордо жашап жатабыз. Климаттын өзгөрүшү болобу, ааламдашуу же технологиялык революция болобу, биз баарына туруштук берүүгө даяр турушубуз керек.

Дал ушундай учурда биз өткөндүн сабактарына, өнүгүү жолун көрсөткөн улуу ойчулдарга кайрылууга тийишпиз.

Орток бабабыз Махтумкули Фрагинин калтырган мурасы сабырдуулукту, өз ара урматтоону жана жалпы ынтымак үчүн кызматташууну ар дайым эскертип турат.

Махтумкули Фраги сыяктуу улуу ойчулдардын мурасы бизге, биздин мындан аркы ишмердигибизге жана ынтымакта жанаша жашообузга дем берсин!»

Количество просмотров: 186