• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ашхабадда кыймылсыз мүлккө болгон баа кескин төмөндөдү

19 Бугу 201914:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.05.2019.Govori.TV.

Ашхабадда акыркы жылы кыймылсыз мүлккө болгон 30% чейин түшүп кетти. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Түркмөнстан борборунда 45 миң доллар турган эки бөлмөлүү батирлер 30-35 миң долларга чейин төмөндөдү.

Жергиликтүү байкоочулардын баамында, бул өлкөдөгү экономикалык каатчылык жана тышкы миграция агымынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Бул арада кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жоболору татаалдаштырылды. “Сатуу-алуу же алмашууга байланышкан бардык операцияларды Юстиция министрлигинин алдындагы кызматка каттатуу милдеттендирилди. Бул кызматты чет өлкөгө чыгып кеткендер өтө көп болуп жаткандыктан, турак-жайларды сатууну кыйындатуу үчүн ачышты”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Буга чейин Түркмөнстандан Орусияга кетүүнү каалагандар көбөйгөнү кабарланган. Бир нече айдан бери Ашхабаддагы Орусия элчилигинин алдында бул өлкөгө бааруу үчүн документ тапшырган түркмөнстандыктардын узун кезеги пайда болду.

Количество просмотров: 14