• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ашхабадда С.Жээнбеков менен Г.Бердымухаммедов жолукту

23 Баш оона 2018 14:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 23-августта Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Көз карандысыздык аянтында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, флагштокто Кыргызстандын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эки президент Ардактуу кароол менен учурашты, кыргыз жана түркмөн тараптардын расмий делегациялары жана дипломатиялык миссия жетекчилери менен тааныштырышты. Түркмөнстандын аскерлери салтанаттуу марш менен өткөрүлдү.
Расмий жолугушуу аземинен соң мамлекет башчылары «Огузхан» атындагы Түркмөнстандын президентинин ак сарайына тар курамда жолугушуу үчүн бет алышты.
Количество просмотров: 15