• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ашхабадда «Ташкент» паркынын ачылышына даярдык көрүлүүдө

21 Тогуздун айы 202217:56 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында «Ташкент» паркынын ачылышына даярдыктар башталып, анын айланасындагы көчөлөр убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, «Ташкент» паркынын салтанаттуу ачылышы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Түркмөнстанга сапары учурунда болот деп күтүлүүдө.

Ашхабадга 20-октябрда барган Мирзиёевдин сапары 21-октябрга чейин созулары кабарланган.

«Ташкент» паркы быйыл июнь айында, Мирзиёев Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовду 65 жылдыгы менен куттуктоо үчүн барганда ачылат деп даярдалган. Бирок өзбек лидери анда телефон чалуу менен гана чектелип, сапарды кийинкиге жылдырган.

Ашхабадда «Ташкент» паркы курулары 2021-жылы февралда, Өзбекстандын ошол кездеги тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Түркмөнстанга барганда айтылган.

2021-жылы мартта Ташкенттин мэри Жахангир Артикхожаев баштаган делегация Ашхабадга барып, «Ташкент» паркынын баштапкы долбоору менен таанышкан.

2017-жылы октябрда Ташкентте сегиз бурчтуу жылдыз түрүндөгү «Ашхабад» паркы ачылган.

Количество просмотров: 145