• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ашимова: Бейөкмөт уюмдар мыйзамын өзгөртпөй кабыл алсак, климатка 1 тыйын да акча келбей калат

17 Тогуздун айы 2023 15:47 Бишкек Govori.TV

Бейөкмөт уюмдар тескеген мыйзам долбоорун ушул боюнча киргизип жиберсек, бизге климатка 1 тыйын да акча келбей калат. Мындай пикирин ЖК депутаты Динара Ашимова бүгүнкү парламенттик угуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбооруна дагы да оңдоолорду, алымча-кошумчаларды жүргүзүү керек.

«Алгач эле «саясий акт» деген сөзгө так түшүнүк берсеңиздер. Себеби, анын так чечмелениши жок. Эртең, укук коргоо органдарыбы же коомчулукпу ушул нерсе үчүн чоң чатактар чыгышы мүмкүн. Андан кийин эң чоң маселе климат боюнча. Азыр бүт дүйнөдө болуп жаткан кубулуштар бул өтө өзгөчө кубулуштар. «Париж келишими» бар, анда 68ден ашык өлкө бар. Алар өзүнү «климаттык жашыл фондун» ачышкан. Ал фонддон акчалар азыр мисалы жашылдандырууга, экологияга, мөңгүлөргө жана башка ушул сыяктууларга деп туруп келет. Ар түрдүү жолдор менен, бейөкмөт уюмдарга келиши мүмкүн, мамлекетке келиши мүмкүн. Ошондо бул мыйзамды ушул боюнча градация кылбай туруп киргизе турган болсок, бизге бир тыйын да климатка акча келбей калат. Биз климатты кандай кылып коргойбуз, ага бизде бар да тыйын жок калды», — деди депутат.

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылган.

Эске салсак, «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 201