• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ашууларга кар жаап, тазалоо иштери жүрүүдө

18 Чын куран 202511:09 Бишкек Govori.TV

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жумуштар «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат. Каттам бар.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Ак-Бейит, Түз-Бел жана Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, инерттик материалдар чачылууда. Ал эми Төө-Ашуу менен Ала-Белде күн бүркөк.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Теги:
Количество просмотров: 250