• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ашууларда унаа кыймылына чектөө жок

2 Үчтүн айы 202513:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-январга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Транспорт министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Количество просмотров: 272