• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек–Токмок каттамына кошумча кичи автобустар киргизилди

3 Бирдин айы 202614:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек–Токмок багытындагы жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус каттамдарына текшерүү жүргүзүлдү.

Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, социалдык тармактар аркылуу кечки саат 19:00дөн кийин Бишкек–Токмок каттамында кичи автобустар жүрбөй, жүргүнчүлөр такси кызматын пайдаланууга мажбур болуп жатканы тууралуу арыздар түшкөн. Аталган каттамдарга мониторинг жүргүзгɵн учурда жума жана ишемби күндөрү Бишкектен Токмокко каттаган жүргүнчүлөрдүн саны адаттагыдан кɵп болгондугу аныкталган.

Бул маселени чечүү максатында 2-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти №350 жана №353 маршруттук каттамдарды тейлеген ЖЧКлардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда дем алыш күндөрү жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйөрү, ал эми кечки саат 20:00дөн кийин жүргүнчүлөр азайып, айдоочулар чыгымын жаба албай жатканы айтылды.

Жыйынтыгында, каттамдардын жетиштүү санын камсыз кылуу жана жүргүнчү ташууну үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн, зарыл болгон учурда бекитилген ырааттамадан (расписание) тышкары кошумча кичи автобустар коюлуп, рейстердин саны көбөйтүлдү.

Количество просмотров: 149