Жыл башынан бери, 11 айдын ичинде ашыкча жүк салган машиналарга 112 миллион сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 634 миңге чукул машина текшерилген жана талап бузууга байланыштуу 7,5 миңге чукул протокол түзүлгөн.
Былтыр ушул маалда айып пулдун жалпы көлөмү 55 миллион сомдон ашкан.