Саясатчы Асия Сасыкбаева өзүнө козголгон кылмыш ишти «саясий буйрук» деп атады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-октябрда Биринчи май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып жатат.
Сасыкбаеванын айтымында, аларга карата козголгон иште далилдери жок.
«Иш 22-октябрь боюнча козголуп жатат. Анын ичинде абдан кызыктуу нерселер жазылыптыр, мисалы курал-жарак пайданалап, башаламандык уюштуруп, мамлекетке зыян келтиребиз деп жатышат деген өңдүү… Далилдери жок болсо деле оор күнөөлөрдүн баарын коюп жатышат. Менин оюмча бул саясий буйрутма болуп жатат. Башында мени күбө катары алып келишкен, бир топ убакыт милиция бөлүмүндө болгон соң акыры мага кылмышкер катары Токтом чыгарып атышат», — деди ал.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчы Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Азимбек Бекназаров, саясат талдоочу Айданбек Акматов жана жарандык активисттер Рита Карасартова, Али Шабдандын баш коргоо чарасы каралып, айрымдары соттун чечими менен 2 айга камакка алынышты.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.