• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аскар Акаевге экс-президент макамы берилбейт

25 Аяк оона 202411:31 Бишкек Govori.TV


Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруу маселесин кароо үчүн комиссия түзүүдөн баш тартты.

Парламенттин бүгүнкү 25-сентябрдагы жыйынында Конституциялык мыйзамдуулук, сот, укуктук маселелер жана мыйзам бузуулар боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңешке Аскар Акаевдин кайрылуусу 3-сентябрда түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, комитет кайрылууну карап А.Акаевдин макамы боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тартууну парламентке сунуштоо чечимин кабыл алган.

Жогорку Кеңеш бул чечимди талкуусуз колдоп добуш берди. Жалпы 85 депутат катталып алардын 71 макул, 2 каршы добуш берилди.

Төрага Нурланбек Шакиев бул чечимди туура деп эсептей турганын белгиледи. «Бул чечимге эл жана тарых баа берет», — деп кошумчалады төрага.

Эске сала кетсек, А.Акаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен ажыратылган экс-президент макамын кайтарып берүүнү Жогорку Кеңештен суранган.

Бирок Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Убактылуу өкмөттүн чечими декларативдүү мүнөзгө ээ жана экс-президент толук импичмент процедурасы аркылуу статусунан ажыратылбагандыктан, Акаев «экс» макамын сактап калганын билдирген.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров бул маселеге комментарий берип, А.Акаевдин өлкөнүн тарыхында экс-президент катары калышы маанилүү жана бул макамга байланыштуу материалдык жыргалчылыктар жана жеңилдиктер жок деген пикирин билдирген.

Количество просмотров: 177