«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКнын жетекчисинин орун басары Аскат Абылаев СИЗОдон бошотулду.
Биринчи май райондук соту аны 8-октябрда ИИМ тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарган. Айтылган маалыматтарга караганда, Абылаев келтирген зыяндын ордун толугу менен калыбына келтирген.
Буга чейин аталган ишканада электр энергиясын эсептөөчү каражаттарды сатып алууда коррупциялык схемалар аныкталгандыгын ИИМдин кызматкерлери ачыкташкан. Ушундан кийин А. Абылаевге кызматынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон.