• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Досмамбетов ооруканалардагы коррупциялык схемалар жөнүндө айтып берди

23 Бештин айы 202516:08 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык схемалар жөнүндө айтып берди.

Досмамбетов коррупцияга каршы иш аракеттер жүргүзүлө баштаганын, анын алкагында 1-2 дарыгер кызматынан кетүү чечимине келгенин айтты.

«Жалпысынан дарыгерлерибиздин чоң коррупциялык схемаларга тиешеси жок. Анын уюштуруучулар башкы дарыгерлер, жетекчилер болуп жатат да. Аларды дароо эле каматуу, кылмыш ишин козготуу максатыбыз эмес, реформа жасаш, коррупциялык схеманын алдын алуу. Ошол жагынан иш алып барабыз. Алардын ишмердүүлүгүн карап көрсөк көп жетекчилер дарыларга тапшырык берип жатканда кереги жок, тастыкталбаган дарыларды сатып алуу менен миллиондогон каражатты максатсыз пайдаланышкан. Алар кетебиз дешсе, медицина оор деле жоготууга учурабайт. Тескерисинче жаш кадрларды тартып, ошолорго мүмкүнчүлкүтөрдү беришибиз керек», — деди ал

Количество просмотров: 376