• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коррупцияга шектелген Элдар Жакыпбеков эки айга камалды

17 Бирдин айы 20269:23 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15-апрелге чейин камалды. Мындай чечимди 16-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылууда.

Элдар Жакыпбековдун кармалганы тууралуу маалымат 15-февралда чыгып, кийин анын кармалганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктаган.

Жакыпбеков 2025-жылдын декабрь айында атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Количество просмотров: 131