Аскат Осмонов өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси кызматынан кете турганын билдирди.
“Негизи мыйзам жана этика боюнча ким жумушка алса кеңешчиси мэр менен кошо кетет экен. Мени Балбак Зарлыкович алган. Мэрдин кеңешчилигинен кетейин деп жатам. Кетүү чечимин кабыл алдым, ушул тууралуу достор силерге да кабарлап коюну туура көрдүм. Өзүнчө эле туруп-туруп кетип калдың деп эртең айтылбашы үчүн”, — дейт Осмонов.
Белгилей кетсек, Асхат Осмонов мэрге кеңешчи болуп октябрдагы баш аламандыктардан кийин дайындалган.