• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аскер институтунун бир жоокери каза болду

19 Баш оона 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Куралдууу күчтөрүнүн Аскердик институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 18-августта болжол менен 22:10до катталган.

«Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жаратынан жеринде каза болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, кызматтык иликтөө дайындалды. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 186