• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аскер прокуратурасы Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш ишин козгоду

15 Тогуздун айы 2020 10:22 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовго аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу саясатчы «Марал» радиосундагы түз эфир учурунда билдирген.

«Мага жана Сыймык Жапыкеевге аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Демек бул буйруктун артында президент турат. Ушинтип отуруп, президенттин түбүнө тегерегиндегилер жетип келген. 6-октябрдагы окуяны булар элдин шайлоого болгон нааразычылыгы эмес, басып алуу деп эсептеп, дагы эле өздөрүнүн күнөөлөрүн сезе элек экен. Ал окуяларга шайлоо маалында мыйзамдуулукту сактабагандыгы үчүн түздөн түз прокуратура күнөөлүү», — деген Шыкмаматов.

Количество просмотров: 1179