• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Аскерге күзгү чакыруу башталды

12 Аяк оона 2020 11:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаары менен Чүй облусунан чакырылгандарды анык аскердик кызматын өтөөчү жерлерге узатууга арналган биринчи аскерге жөнөтүү иш-чарасы болду. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушундай эле узатуу аземдери республиканын башка жыйын пункттарында дагы уюштурулат. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандар (3000 адамдан ашуун) КР Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары менен бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.

«Аскерге узатуу аземи мурдагы жылдагыдан айырмаланып «COVID-19» илдетинин жайылышын алдын алуу максатында санитардык-эпидомиологиялык талаптарды сактоо менен өтүп, жаш чакырылуучулардын жакын адамдарынын катышуусуз өттү»,-деп айтылат маалыматта.

Чакыруу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин улантылат.

Количество просмотров: 101