• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Россия жаздан тарта 30 жашка чейинкилерди аскерге чакырууну пландап жатат

12 Үчтүн айы 2023 17:33 Бишкек Govori.TV

Россия Мамдумасынын Коргонуу комитетинин төрагасы Андрей Картаполов 2023-жылдагы жазгы аскерге чакырык 30 жашка чейинки жарандарды камтышы мүмкүн экенин айтты. Анын интервьюсун «Парламентская газета» басылмасы жарыялады.

«Жазгы аскерге чакырууга чейин аскер комиссариаттары карамагындагы канча киши бул талапка туура келерин тактоосу керек. Андан соң бул маалыматты тиешелүү аскердик тапшырмага шайкеш келтирүү зарыл», – деген Картаполов.

Картаполовдун айтымында, аскер жашын жогорулатуу жараяны баскыч-баскыч менен ишке ашып, үч жылга чейинки мөөнөткө созулушу мүмкүн. Бул үчүн бир катар мыйзамдарга, анын ичинде «Аскердик милдет жана аскердик кызмат» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Мамдуманын башка бир депутаты, генерал-лейтенант Виктор Соболев аскер адистигине Россиядагы «бардык жаштарды» окутуу керектигин билдирди. Ал аскердик күжүрмөндүктү жогорулатуу зарылдыгын НАТОго каршы согушуу ыктымалдыгы менен түшүндүрдү.

Былтыр 21-декабрда Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу армияда милдеттүү кызмат өтөөнүн төмөнкү курагын 18ден 21 жашка көтөрүүнү сунуш кылган. Жогорку чегин 30 жашка чейин жогорулатуу керектиги айтылган. Мурдагы жогорку чек 27 жашка чейин болчу. Путин демилгени колдогон.

Россияда жазгы аскерге чакыруу 2023-жылы 1-апрелден 15-июнга чейин болот.

Количество просмотров: 141