Аскер кызматкерлеринин кургак учук оорусун массалык түрдө жугузуп алуусу боюнча кылмыш иши уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда өткөн жыйында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.
«Азыркы учурда бардык материалдыр КРнын Аскер прокуратурасында. Иштин жыйынтыгы менен кызмат адамдарына укуктук баа берилип, күнөөлүүлөр жазасын алышат», — деп билдирди ал.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында КР абадан коргонуу күчтөрүнүн 26 аскер кызматкери кургак учук оорусун массалык жугузуп алган. Аскер прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгогон.