• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

«Asman Airlines» ички каттамдарды ишке киргизерин жарыялады

14 Баш оона 202412:29 Бишкек Govori.TV

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта бардык багыттар боюнча ички каттамдарды ишке киргизерин жарыялады. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, эми Талас, Нарын жана Караколго учууга болот.

Авиа билеттердин баасы 2000 сомдон башталат. Asman Airlines кардарлар үчүн бир нече тарифтерди сунуштайт: супер эконом (7 кг кол жүк менен гана), фул эконом (15 кг жүк жана кол жүк), флекс эконом (15 кг жүк, 7 кг кол жүк, орун тандоо мүмкүнчүлүгү жана кезексиз тейлөө).

Кошумчалангандай, авиакомпания Канададан 80 орундуу үч учактын келишин күтүп жатат.

Количество просмотров: 107