• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Асман Эйрлайнстын» учагы Бишкек – Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды

27 Аяк оона 202417:19 Бишкек Govori.TV

«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек – Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү менен учуп кетти.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт, ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат: супер эконом — 4000 сом, толук эконом — 4500 сом жана флекс эконом — 5000 сом.

Ички каттамдар боюнча учак бүгүндөн баштап Ош шаарына учту, ал эми 28-сентябрдан тартып Жалал-Абад шаарына, 3-октябрдан баштап Баткенге каттайт.

Учак жүргүнчүлөргө толуп, авиабилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулду.

Количество просмотров: 180