Кийинки жылы Кыргызстандын аба транспортун өнүктүрүү максатында эки учак сатып алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Нарын» аэропортунун ачылышында айтты.
Мамлекет башчысынын айтымында, аймактар аралык каттамдар үчүн Bombardier Dash 8 үлгүсүндөгү учак алынат. Ал эми эл аралык каттамдар үчүн Airbus же Boeing маркасындагы учак сатып алуу пландалууда.
Белгилей кетсек, бүгүн «Нарын» жана «Казарман» аэропорттору расмий ачылды. Аталган аэропорттор бир нече жылдан бери иштебей турган. Эми кайрадан жаңыланып, пайдаланууга берилди.
“Бомбардиер Даш-8” учагы менен Бишкек-Нарын-Бишкек жана Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын үзгүлтүксүз жүргүзүү мерчемделүүдө.