«Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев «Асман экологиялык таза шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында «Асман экологиялык таза шаарын» куруу пландалууда.
Шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болуп, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу каралган.
Инфраструктура 500 миң туруктуу жашоочуга эсептелген. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 7 жылдан 10 жылга чейин деп божомолдонууда. Шаарды үстүнөн караганда комузга окшош болот.