Пенсия, жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.
Ал маалымат жыйында коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалда экономика жана бизнеске кандай колдоо болору, азык-түлүк менен камсыздоо тууралуу маалымат берип, жөлөкпул, пенсия боюнча маселе жаралбай турганын айтты.
«Пенсия, жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп турат. Андан кам санабагыла», — деди ал.
Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.