• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Асрандиев: Пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет

11 Кулжа 202018:30 Бишкек Govori.TV

Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн онлайн жыйында вице-премьер Эркин Асрандиев айтты.

“Мамлекеттик бюджеттин кырдаалы оор болгонуна карабастан, социалдык милдеттерди өз убагында аткаруу үчүн күн сайын күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Өкмөт пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлык акыларын өз учурунда берип жатат жана мындан ары дагы бул иштер өз убагында төлөнүп берилет”, — деп билдирди КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

Количество просмотров: 149