• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Астана аэропортунда ондогон каттам убагында аткарылган жок

5 Үчтүн айы 2023 10:11 Бишкек Govori.TV

Аба ырайына байланыштуу Астана аэропортундагы каттамдар өз убагында аткарылбай жатат. Бул тууралуу аэропорттун расмий сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, 4-январь күнү Астана убактысы боюнча саат 14:43кө карата 13 учактын учуу убактысы жылдырылган. Учурда аэропорттун аймагы калың кардан тазаланып жатат.

Air Astana авиакомпаниясы өлкөдөгү аба ырайына байланыштуу каттамдары жылдырылганын билдирди. Qazaq Air да жүргүнчүлөргө каттамдары өз убагында аткарылбай турганын эскертти.

«Эйр Астана» авиакомпаниясы аэропортто турган жүргүнчүлөргө эки саат сайын бекер ысык чай жана төрт саат сайын ысык тамак берилип жатканын кабарлады. Мындан тышкары алыска уча турган жүргүнчүлөр мейманканаларга жайгаштырылууда.

Казакстандын Жарандык авиация комитети аба ырайына байланыштуу Астана аэропортунда жалпысынан 45 аба каттамы жылдырылганын билдирди. Маалыматка караганда, алардын 26сы учуп кетиши керек болсо, 19у конушу керек эле.

4-январда аба ырайынын начардыгынан улам Казакстанда автоунаа жолдорунун 109 тилкеси, анын ичинде республикалык маанидеги 41 тилке жабылганы кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жамбыл, Түркстан, Костанай, Караганда жана Абай облустарында бороондо жолдо калган 695 адам куткарылганын билдирген.

Количество просмотров: 255