• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Астана менен Ташкент мамлекеттик чек араны тактап, документти БУУга беришти

26 Аяк оона 202411:56 Бишкек Govori.TV

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча макулдашуу БУУнун катчылыгына каттоо жана жарыялоо үчүн берилди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Макулдашууга эки өлкөнүн президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын 22-декабрында Казакстандын башчысынын Ташкентке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюшкан. Документ 2023-жылдын 4-июлунда күчүнө кирген.

Тышкы иштер министрлиги бул документ казак-өзбек мамлекеттик чек арасын эл аралык-укуктук жол-жоболоштуруу боюнча көп жылдык биргелешкен иштин натыйжасы болгонун белгиледи.

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында өткөн жолугушууда Казакстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрликтеринин башчылары БУУнун катчылыгында мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча келишимдин катталышы болуп көрбөгөндөй тажрыйба экенин белгилешти. Мындай документтерге карата Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлөрү үчүн.

Количество просмотров: 108