Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы боюнча “Кабар” улуттук агенттигине кыскача маек курду.
Президент Коопсуздук кеңешине мүчө болуу үчүн Кыргызстан эки жыл мурда эле дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен иштеп баштаганын, шайлоодо расмий Бишкек коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечкени маанилүү роль ойногонун айтты. Андан тышкары Кыргызстан БУУга бир катар сунуштар менен барарын кошумчалады.
“Мен ушул жылдын февраль айында эле өтөрүбүзгө көзүм жетип, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип экөөнө катуу тапшырма бергем. «Биз июнь айында БУУнун Коопсуздук кеңешине өтөбүз. Ошондуктан сентябрь айында БУУга барганда БУУнун Уставын, комитеттердин жоболорун түп-тамырынан өзгөртөлү, заман талабына ылайык келтирели, БУУнун кадыр-баркын жогорку деңгээлге чыгаралы деген сунуш киргизебиз. Ошондуктан азыртан баштап өзгөртүү, толуктоолорду карап чыккыла» деп тапшырма бергем. Андан бери дипломаттык корпус ошол тапшырманын үстүндө иштеп жатышат.
Кудай буюрса, сентябрь айында БУУга барганда абдан катуу, татаал сунуштарды беребиз. БУУнун авторитетин жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. БУУнун чечимдери дегенде, мейли кайсы мамлекет болбосун, так аткаргандай болушу керек. Болбосо БУУда алты комитет болсо, бешөөнүн чечимдерин эч ким деле тоготпой калды. Көбүнчө Коопсуздук кеңешинин чечимдери гана аткарылып келе жатат.
Ошондуктан биз БУУнун Уставына кошумчаларды киргизүү боюнча сунуш беребиз. БУУнун кандай гана чечимдери болбосун, 100 пайыз аткарылууга тийиш. Ар бир мамлекет өзүм билемдик менен башаламандык кыла беришти токтотуш керек. Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек. Өзүм билемдик менен эле каалаган мамлекет башка бир мамлекетке санкция киргизе берген башаламан жашоо токтошу зарыл. Мына ушундай жана башка дагы толтура өзгөртүүлөр боюнча сунуштар болот”,-деди президент.