Казакстандын баш калаасында 26-ноябрдын кечинде ондон кем эмес адам кармалганын казак басылмалары жазды.
Маалым болгондой, бул күнү Астанада интернет, уюлдук жана телефон байланыштары өчкөн. Байланыш жыйырма сааттан кийин күйүп, бирок интернет улам өчүп жатканы кабарланууда. Казак социалдык тармактарынын мессенжерлеринен MEGA соода борборунун алдында каршылык акциясына чыккандарды кармап кеткендердин видеосу таркап жатат.
КазТАГ агенттиги кармалгандар “митинг өткөрүүгө аракет кылган” деп жазууда.
Казак басма сөзү кармалгандар ишкер, “Келечектин архитектору” долбоорунун негиздөөчүсү делген Марат Абиевдин тарапташтары экенин жазууда.
Интернет провайдерлер, полиция департаменти 26-ноябрдагы Астанадагы окуяга комментарий бере элек.
Казакстандын мыйзамы боюнча көчөдөгү чогулуштар акимиаттан уруксат алынган жерлерде гана өтүшү керек.
26-ноябрда Казакстанда кайрадан шайланган президент Касым- Жомарт Токаевдин ант берүү аземи өткөн.