• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

12 Тогуздун айы 202222:48 Бишкек Govori.TV

Астана шаарында эртең, 13-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.

«Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган», — деди Султанбаев.

Количество просмотров: 765