• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Астанадагы көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды

22 Чын куран 202616:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Астана шаарында өтүп жаткан RES 2026 EXPO көргөзмөсүндө улуттук павильонун тааныштырды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө министр Акыл Токтобаев өлкөнүн «жашыл» өсүшкө өтүүсүнө өзгөчө көңүл бурду. Экспозициянын алкагында «Жашыл мурас» программасынын натыйжалары , жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор жана экологияны мониторинг кылуунун санариптик инструменттерин киргизүү көрсөтүлдү.

Кыргызстан RES 2026 EXPO көргөзмөсүнө катышуу менен аймактык кызматташтыкка ачык экенин далилдейт. Бул кадам ошондой эле 2027-жылдагы Дүйнөлүк тоо саммитине көрүлүп жаткан даярдыктын бир бөлүгү.

Количество просмотров: 143