• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Астанадагы саммит башталды

13 Тогуздун айы 202211:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI Саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземине катышты.

Эгемендүүлүк сарайында мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегация башчыларын, ошондой эле АӨИЧК конокторун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин АӨИЧК Саммитинин ачылышы болду.

Теги:
Количество просмотров: 220