• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Астролог: «Апрель Алмазбек Атамбаевдин тагдырын өзгөртөт!” (видео)

28 Жалган куран 2018 15:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.03. 2018. Govori.TV
“Апрель айынын экинчи жарымы-Алмазбек Атамбаев үчүн маанилүү мезгил, анткени, анын жашоосунда карьерасынын жана чечимдеринин жаңы өнүгүү этабы башталат. Мүмкүн,  биз Атамбаевди 2019-жылдын жаз-күз айларында анын жаңы саясий карьерасында көрүп калабыз”. Бул сөздү бүгүн атайын маалымат жыйынында астролог Андрей Рязанцев айтты.
Анын айтымында, 2018-жылдын апрели Кыргызстан үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили экен. “Апрелдин жарымы-бийлик вертикалы үчүн чечимдерди кабыл алуунун жакшы мезгили, ошондой эле масштабдуу долбоорлорду технологиялык өнүктүрүүгө жакшы учур. Мисалы, “Коопсуз шаар”, “2020-2040-жылдарга өнүгүү стратегиясы” жана башкалар алдыга жыла турган учур”,-дейт жылдыз саноочу.
Анын менен катар эле Президент Сооронбай Жээнбеков үчүн май айынын аягы, июнь айынын башы абдан жагымдуу болоорун,ал ушул мезгилде чыңалууларды азайтып, ишти конструктивдүү нукка буруу чечимин кабыл алаарын айтат.

Количество просмотров: 39