• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты

25 Жетинин айы 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты.

Чогулгандар, Жээнбековду камактан бошотууну талап кылышууда. Алар колдоруна «ак ийилет бирок сынбайт», «акыйкатуулук, эркиндик» деген жазууларды кармап алышкан.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков Кумтөрдөгү коррупцияга аралашкан деп шектелип, УКМК тарабынан кармалган.

«Кумтөр иши» боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын «Кумтөр иши» боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Количество просмотров: 346