• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу кайрадан митинг өтүп жатат

6 Бирдин айы 2020 13:54 Бишкек Govori.TV

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу кайрадан митинг өтүп жатат. Активисттердин айтымында, ушу тапта ал жерде 500дөй адам чогулуп турат.

Алар борбордун курулушуна каршы пикирин айтууда.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кыргыз тарап үчүн эч кандай коркунуч жок экенин белгилеп жатышат.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ат-Башыда логистикалык борбор салууга жергиликтүү эл каршы эмес, социалдык тармактардагы 20-30 киши элдин баарын дүрбөтүп, коомдо пикир пайда кылайын деген ойдо” деп 5-февралда билдирген.

Жыл башынан бери Нарында жаңы курулушка каршы бир нече жыйын, митинг өттү. 

Количество просмотров: 166