• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

31-августка чейин Кыргызстанда үч логистикалык борбор ачылат

23 Баш оона 202421:59 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 31-августуна чейин Кыргызстанда үч логистикалык борбор ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн администрациясы билдиргенин «Акчабар» сайты жазды.

Биринчи долбоорду “Алайку Органикс” компаниясы ишке ашырып жатат. Ал Ош шаарында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүүгө жана сактоого адистешкен логистикалык борбор болот.

Экинчи долбоор Нарын облусунун Ат-Башы районундагы соода-логистикалык борбор. Аны “Кара-Булак” ишканасы менен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы куруп жатат.

Үчүнчүсү Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылында логистикалык борбордун курулушунун биринчи этабын бүтүрүү болуп саналат.

Количество просмотров: 129