• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ат-Башыда суу каптоо коркунучун алдын алуу иштери жүрүүдө

25 Кулжа 202610:05 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ат-Башы районунда суу каптоо коркунучун азайтуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын жүрүшүндө министр Баш-Кайыңды айылында Ат-Башы суусунун жээгин бекемдөө максатында курулуп жаткан шпоранын курулушун текшерди. Ал аткарылып жаткан жумуштардын жүрүшү жана сапаты менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге курулушту өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары, өлкө башчысынын жана министрликтин эл менен жолугушууларында көтөрүлгөн маселелер жеринде каралып, тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар коюлду.

Канатбек Чыныбаев жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана кооптонууларын эске алуу менен, суу каптоо коркунучун алдын алуу жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды дагы да күчөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Количество просмотров: 14