• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ат-Башынын тургундарына жөлөк пул берилбейби? Өкмөттүн жообу

19 Бирдин айы 2020 13:37 Бишкек Govori.TV

Бийик тоолуу райондордун, анын ичинде Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөкпулдар төлөнбөй калуусу мүмкүн экендиги тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Өкмөтү мындай чечимдерди демилгелеген эмес.

«Бул сыяктуу акылга сыйбаган имиштер белгилүү бир саясий чөйрөлөр аркылуу өздөрүнүн конъюктуралык кызыкчылыктарын көздөп жайылтылууда деп эсептейбиз», — дейт өкмөт.

Белгилей кетсек, өкмөт Ат-Башы районундагы логистикалык борбордун курулушу боюнча кытай инвестору менен келишимди токтотту.

Количество просмотров: 309