• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Режеп Тайып Эрдоган «Ата-Бейитке» гүлчамбар койду

5 Жетинин айы 202412:50 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде болушту.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Ошондой эле Түркиянын президенти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, эскерди.

Количество просмотров: 164