• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ата-эне жаңы төрөлгөн баласын таксиге унутуп кетти

22 Бугу 201912:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.

Германиянын Гамбург шаарында төрөтканадан жаңы чыгып келе жаткан ата-эне наристени таксиге унутуп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалым болгондой, таксиден түшкөндөн кийин, атасы баланы дароо эстеп, унаанын артынан чуркаган. Бирок, айдоочу аны байкабай айдап кеткен. Айласы кеткен ата-эне такси компаниясына дагы чалып, байланыша алышкан эмес. Ал эми айдоочу машинада бала уктап жатканын көрбөй, түштөнүү үчүн унаасын гаражга токтотуп, кийинчерээк аэропорттон кардар алууга жөнөгөн.

Натыйжада, унаанын арткы отургучунда уктап жаткан баланы биринчилерден болуп жүргүнчү көрүп, айдоочу полиция кызматкерлеринин жардамы менен ымыркайды ата-энесине аман-эсен жеткирип беришкен.

Количество просмотров: 20