• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ата-энесин таштап кеткендерди мамлекеттик кызматка албоо сунушталды

26 Аяк оона 202312:56 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткендердин мамлекеттик кызматтарда иштешине тыюу салуу мыйзам долбоорун сунуштады.

«Мыйзам долбоорунун башкы максаты ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө. Учурда эмгекке жарамсыз улгайган жарандарды таштап кеткен балдарын жазага тартуу үчүн соттун чечими керек. Бирок ата-энелер өзүнүн баласына эч качан арыз жазбайт экен. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса ата-апаларын алып келери менен эле карылар үйүнүн жетекчиси дароо арыз жазып, сот алимент өндүрүүнү карайт», — деди Икрамов.

Аталган документ бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, биринчи окуудан өттү.

Депутат Кыргызстанда 6 карылар үйү бар экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 386