• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Ата Мекен» добуштарын таппай калды…

28 Жетинин айы 2021 22:28 Бишкек Govori.TV

“Ата Мекен” партиясы автоматтык урнадан чыккан алдын ала жыйынтыгына нааразы болууда. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

«БШКнын сайты биринчи көрсөткөндө биздин партия 71 миңден кем эмес добуш алган. Сайтты өчүрүп, кайра күйгүзгөндө добуштардын саны 41 миңге түшүп калды. Бул деген биздин талапкерлердин добуштары башкаларга кетти дегенге жатат», — деди Текебаев.

Партиядан талапкер болгон Гүлнара Джурабаева: «Автоматтык урналардан алынган маалыматтардын 80 пайыздан ашыгы коомчулукка жарыяланган учурда бизде 63 миң 975 добуш бар болчу, ал эми аталган мекеменин сайты бир топко токтоп калгандан кийин 41 миң 148 добуш болуп калды. Бул санак логикага туура келбейт. Добуштарды кайрадан санап чыгуу керек, көбөйсө көбөйөт, бирок, алар азайбайт», — деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Боршайкомдун шайлоо жыйынтыгы тууралуу автоматтык эсептелген алгачкы маалыматында «Ата Мекен» партиясы 6,45% добуш алганы көрсөтүлгөн. Автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учурагандан кийин партиянын добушу 3,4% болгону жазылды.

Количество просмотров: 5593