• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акаев депутаттык мандат алуусу мүмкүн. Сот “Альянстын” арызын канааттандырды

21 Бештин айы 2021 19:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектин административдик соту «Альянс» партиясынын БШКнын 30% гендердик квота боюнча өзгөртүлгөн жобосуна каршы арызын карап, канааттандырды.

Маалыматка ылайык, чечим бүгүн, 21-декабрда чыккан.

Эске салсак, БШК 15-декабрда партиялык тизмедеги аялдардын квотасы боюнча жобого өзгөртүү киргизген. Натыйжада парламенттик шайлоого «Альянс» партиясынан катышкан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болгон. Ага чейинки жободо бир партия жети мандат алса, анын экөө аялдар үчүн сакталат деп жазылган.

«Альянс» партиясы 17-декабрда БШКнын чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна арыз жазган.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 5% босого чектен өткөн «Альянс» партиясы жети мандат алган.

Количество просмотров: 747