Бүгүн, 7-декабрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында шайлоодогу одоно мыйзам бузуулар менен өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаган жыйын өтүп жатат. Ага 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү катышууда.
Жыйында шайлоонун алдына ала жыйынтыгы, Боршайкомдун жоопкерчилиги, саясий куугунтукту токтотуу тууралуу маселелер талкууланып жатат.
«Улуттар Биримдиги», «Улуу Журт», «Кыргызстандын жашылдар» партиясынын өкүлдөрү катышкан тегерек столдун жыйынтыгында чечим кабыл алынып, укук коргоо органдары менен эл аралык укук коргоо уюмдарына жөнөтүлөрү айтылды.